КУРМАНКУЛ АЙДАРБЕКОВ.
1916-жылы Жер-Казар айылында туулган.
Коомдук ишмер. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Социалисттик Эмгектин Баатыры.
Кант (Ысык-Ата) районуна караштуу «Алга» колхозунун бригадири, айылдык Кеңештин төрагасы болгон.
1967-1975 жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешине эки ирет депутат болуп шайланган.
Эмгеги Ленин ордени жана медалдары менен бааланган. Эмгек ардагеринин өрнөктүү өмүрү жаштарга үлгү болуп саналат.