1- сентябрь «Билим күнү»
К.Айдарбеков атындагы жалпы билим беруу
орто мектебинин 2022-2023 окуу жылынын “1-сентябрь Билим күнү”
Билим кунуно арналган салтанаттуу линейка 1-сентябрь куну саат 9.00 башталган. Линейка башталаардан мурун жаш мугалимдер мектептин аянтчасын желекчелер, шарлар, лозунгдар менен кооздошкон. Линейкага айыл өкмөтунун башчысы Алыбаев Эрнисбек Мадылбекович жана ардагер мугалимдер чакырылган. Майрамдын башталышы менен 2022-2023-окуу жылынын бутуруучулөру 1-класстын окуучуларын жетелеп чыгышып, орундарына тизишкен. Жалпы мектеп КРнын Гимнине көңүл буруп, андан соң алгачкы куттуктоо сөз мектептин директору Тилекматова Б.С. берилген, ошондой эле а/ө башчысы Алыбаев Эрнисбек Мадылбекович, мейман болуп келген ардагер мугалим Асанова Г.А куттуктоо сөздөрун айта кетишти.
Бий кружогун жетектеген мугалим Айтпаева Ж.С, кыргыз тилчи мугалим Алмазбек к М жетекчилигинде 5-6-класстын окуучулары менен биргеликте чакан концерт уюштурулган. Андан соң биринчи конгуроо кагылып, класс жетекчилер окуучуларды өз кабинеттерине алып киришкен. Салтанаттуу линейка 9.35 аяктап, андан соң ар бир класс учун класстык сааттар өтулду. “Биз-Кыргызстандын келечегибиз” “Эл биримдиги көп турдуулуктө”, “Кыргыз жараны-жалпы жарандык иденттуулуктун негизи” деген темаларда 1-11 класстын жетекчилери классына жараша ар бири класстык саатттарын даярдап, мектеп директоруна бекитип алышкан. Тарбиялык сааттар өз убагында башталып, сабактын жүрүү процесси окуу бөлүмүнүн башчысы Мамбетова А.З, тарбия завучу Садыкова Н.А тарабынан текшерилген. Сабактын жагымдуу маанай менен журушу, окуучулар менен жылуу мамиледе болуу жана ошондой эле мугалимдин суйлөө этикасы сакталуусу боюнча соц педагог Конушбекова А.А. тарабынан алдын ала жаш адистерге Джунушева М.Ж., Болотбек к Салтанат-класс жетекчилерине жардам көрсөтулгөндуктөн класстык сааттарыбыз жагымдуу маанайда өтту.
Комментарии