23-сентябрь- Мамлекеттик тил күнү
К.Айдарбеков атындагы ЖББорто мектеби 2022-2023-окуу жылы
23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн иш чаралар боюнча маалымат
К.Айдарбеков атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде 23-сентябрь «Мамлекеттик тил күнүнө» карата иш план каралып, анын негизинде төмөндөгүдөй иш чаралар аткарылды.
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу линейка болуп, кыргыз тилчи мугалим Усенова Э.Б. “Эне тилим- эркин өлкөм” деген темада доклад окуп берди. Кыргыз тилчи мугалимдер “Тилибизди биргеликте өнүктүрөбүз” деген темада 8-11 класстар арасында дил баян сынагын өткөрүшүп, мыкты жазган окуучуларга Джумабекова А, Касымкулова А, Турсунова Р, Бейшеналыева А, Асанова Э,Мамырова Н ж.б. мактоо баракчаларын тапшырган. Ошондой эле 3-7 класстар арасында кыргыз тилин даңазалаган сүрөттөр сынагы болуп, алдыңкы жеңүүчүлөрү 4-класстын окуучулары мектеп грамотасына ээ болушкан. Мамлекеттик тил күнүнүн 33 жылдыгына карата класс жетечилер1-11 класстар арасында тарбиялык саттарын өтүшүп, пландарын папкаларына тиркеп коюшкан. Ачык класстык саатты 8-а класстын жетекчиси Насирдинова Ч.Б. өтүп берген. Адегенде сабак Мамлекеттик тилинин гимни менен башталып, андан ары класс жетекчи сабагын суроо-жооп, тиешелүү маалымат менен уланткан. Ал эми экинчи бөлүгүндө жаңылмачтар, макал-лакаптар жарышы болуп, сабак оюн түрүндө өткөндүктөн окуучуларга абдан кызыктуу болду. Ошондой эле сабактан кийин мектептин жыйын залында тарбия завуч Алмазбек к Мээрим даярдаган майрамдык иш чара болуп өттү. Бул программада «Кыргыз тилим-Эне тилим» деген темада адабий кече болуп, 5-6 класстардын окуучулары катышып, кыргыз тилин даназалаган көркөм окуу, макал-лакаптар, ыр, бий менен коштолду. Кичи тайпа класстар арасында “Кыргыз тилин үйрөнөбүз” деген темада конкурс-викторина болуп өттү. Окуучулар “Манас”, “Билимдүүлөр, “Тилим-дилим”, “Эне-тил” топторуна бөлүнүшүп, калыстар тобу түзүлүп, таймаш башталган. Таймашта калыстар тобу окуучулардын көркөмдөп, так айтуусуна, мазмунуна көңүл бурушуп, упайларын берип жатты. Алдыга 4-класстын окуучулары чыгып, мектеп грамотасына ээ болушкан. Окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Кудинова А.Н. каалоо тилектерин айтып, майрамдык иш чараны аяктаган.
Комментарии